Оштогу Ачык-Суу айылында жаңы окуу жылына карата 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилет
Курулуш министрлиги тарабынан Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылындагы заманбап Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин курулушу аяктап калды.
Билим ордо 1-сентябрда окуучуларга эшигин ачат.
275 орунга ылайыкталган жаңы мектептин жалпы аянты 1956 чарчы метрди түзүп, А,Б,Г блоктон турат. Эки кабаттуу окуу корпус, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорттук залдар каралган.
Бегилей кетсек, эски мектептин 1-корпусу 1978-жылы кулса, 2-корпусу 1985-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Андан бери капиталдык оңдоодон өтпөй авриялык абалга келип калган.
Жаңы мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
