Ош жана Баткен облустарындагы башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларын текшерүү уланууда
4 август

Ош жана Баткен облустарындагы башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларын текшерүү уланууда

2025–2026-окуу жылына карата даярдыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 1–2-август күндөрү Ош жана Баткен облустарындагы башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринде пландуу текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Комиссия тарабынан санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы, имараттардын абалы, окуу жабдыктары жана материалдары менен камсыз болуусу, коопсуздук чаралары жана кадр маселелери терең каралды.

Министрликтин өкүлдөрү төмөнкү окуу жайларда болушту:

• Кызыл-Кыя шаары – 3 кесиптик лицей;
• Лейлек району – 3 кесиптик лицей;
• Кадамжай району – 3 кесиптик лицей;
• Ош облусу, Араван району – кесиптик лицей №65;
• Баткен шаары – 1 кесиптик лицей;
• Баткен району, Самаркандык айылы – 1 кесиптик лицей.

Комиссия окуу жайларынын жаңы окуу жылына даярдык деңгээлин, мугалимдердин жетиштүү санын, материалдык-техникалык базасын жана башка тиешелүү маселелерди жеринде иликтеп чыкты. Кээ бир мекемелерде кошумча колдоо жана каражат талап кылынары белгиленди.