IOI-2025: Кыргызстандын окуучулары 2 коло медалга ээ болушту
2025-жылдын 27-июлунан 3-августуна чейин Боливиянын Сукре шаарында өткөн XXXVII Эл аралык информатика олимпиадасында (IOI) Кыргызстандын улуттук командасы 2 коло медаль жеңип алды.
Бул олимпиадага 84 өлкөдөн 330 окуучу, анын ичинде Кыргызстандан 3 окуучу катышты.
Коло медалга "Сейтек STEM" мектебинин 11-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков менен Ош шаарындагы Сема лицейинин 9-классынын окуучусу Абдуллахан Абдирасулов ээ болду.
Ош шаарындагы Сема лицейинин 9-классынын окуучусу Али Арапов Ардак грамота менен сыйланды.
Окуучуларды даярдаган тренерлер:
- Кылычбек Урайымов
- Айдар Мундузбаев
- Тенгиз Беккойонов
Жалпы командалык орточо упай боюнча Кыргызстан 33-орунду ээлеп, өзүнүн билим деңгээлин дүйнөлүк деңгээлде тастыктады.
