Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды
1 июнь

Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Кыргызстанда бүгүн, 1-июндан тартып 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинени кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, бул этапта ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге балдарын каттай алышат.

  • Каттоо үчүн:
  • 1mektep.edu.gov.kg порталына кириңиз;
  • ата-эне же мыйзамдуу өкүл катары катталыңыз;
  • жеке кабинетке кирип, «Өтүнмө берүү» баскычын басыңыз;
  • мектепти жана окутуу тилин тандаңыз;
  • арызыңызды ырастаңыз.

Эскерте кетсек, 2026–2027-окуу жылы үчүн 1-класска:

  • 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн;
  • 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.