Илим министрлигинде  өзгөчө макамы бар университеттердин жетишкендиктери талкууланды
16 август

Илим министрлигинде өзгөчө макамы бар университеттердин жетишкендиктери талкууланды

2025-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде жыйын өтүп, анын жүрүшүндө өзгөчө макамга ээ жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери талкууланды.

Жыйынга министрдин орун басарлары Айбек Чотонов, Нурлан Омуров жана Кемель Садыков катышты.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун №243 “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндө” Жарлыгына ылайык беш университетке өзгөчө макам берилген:

• Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
• И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
• И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
• Ош мамлекеттик университети;
• К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети.

Өзгөчө макам – бул университеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында аларга академиялык, каржылык жана административдик автономия берүүгө багытталган статус.

Жыйындын жүрүшүндө ар бир университет төмөнкү багыттардагы жетишкендиктерин тааныштырышты: каржылык автономия, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү, академиялык эркиндик, коммерциялаштыруу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, башкаруу эркиндиги жана экономиканын ар кандай тармактары менен кызматташтык.

Президенттин Жарлыгы боюнча бул университеттерге QS Asia University Rankings Toп 500 рейтингине кирүү тапшырмасы коюлган.

Талкуунун жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги өлкөнүн алдыңкы университеттеринин сунуш кылган моделдерин, жетишкендиктерин жана мыкты тажрыйбасын республиканын калган жогорку окуу жайлары арасында жайылтуу боюнча активдүү иш-чараларды өткөрүү чечимин кабыл алды.

2025-жылга карата университеттер аталган рейтингде төмөнкү орундарды ээлеген:

1. Кыргыз-Түрк «Манас» университети – 230-орун;
2. Ош мамлекеттик университети – 260-орун
3. Борбордук Азиядагы Америкалык университет – 260-орун;
4. Кыргыз-Орус Славян университети – 333-орун;
5. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 381-орун
6. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 381-орун
Мындан тышкары, университеттердин глобалдык QS рейтингине Кыргызстандын беш жогорку окуу жайы кирди:
1. Борбор Азиядагы Америкалык университет – 901–950 орундар;
2. Кыргыз-Түрк «Манас» университети – 951–1000 орундар;
3. Кыргыз-Орус Славян университети – 1001–1200 орундар;
4. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети м 1201–1400 орундар;
5. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 1201–1400 орундар.