КРнын айрым багыттары боюнча жогорку билим берүүдө сырттан окууга убактылуу мораторий киргизилди
30 июнь

КРнын айрым багыттары боюнча жогорку билим берүүдө сырттан окууга убактылуу мораторий киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы №83 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле абитуриенттердин сырттан окуу формасына жапырт тапшыруусуна байланышкан коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025–2026-окуу жылында бир катар билим берүү программалары боюнча студенттерди сырттан окууга кабыл алууга 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алды.

Аталган токтом бардык менчик түрүнө жана макамына карабастан бардык билим берүү уюмдарына тиешелүү болуп, төмөнкү багыттар боюнча бакалавриат жана магистратура деңгээлин камтыйт:

• 530500 — Юриспруденция (Укук таануу);

• 580100 — Экономика;

• 580200 — Менеджмент.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 52 жогорку кесиптик билим берүү уюму жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алган.

Бирок акыркы жылдары бул багыттар боюнча жогорку билим берүү программаларынын сапаты жана адистерди даярдоо деңгээли боюнча олуттуу маселелер жаралган.

Бул чаралар өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, билим берүү уюмдарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө жана алардын эл аралык стандарттарга шайкеш келишин камсыз кылууга багытталган.