Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат
Кыргызстанда кийинки окуу жылында мектептерде сабактардын башталышы салттуу 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдырылат. Бул тууралуу маалымат жыйынында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, окуу процесси 15-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт. Окуу календарын өзгөртүү өлкөдө өтө турган ири эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине жана башка эл аралык жыйындарга байланыштуу.
Министр белгилегендей, графикти оңдоо масштабдуу форумдар өтүп жаткан шартта уюштуруучулук даярдыкты камсыз кылуу жана окуу процессинин туруктуулугун сактоо максатында жүргүзүлүүдө.
Ведомстводон билдиришкендей, окуу жылынын калган параметрлери өзгөрүүсүз калат.
