Бишкекте Россиянын ЖОЖдорунун көргөзмөсүнө 2,8 миңден ашуун абитуриент келди
6 октябрь

Бишкекте Россиянын ЖОЖдорунун көргөзмөсүнө 2,8 миңден ашуун абитуриент келди

Бишкекте III Орус-кыргыз билим берүү форуму жыйынтыкталды. Анын негизги иш-чараларынын бири Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде өткөн Орусиянын жогорку билим берүү көргөзмөсү болду.

Көргөзмөгө Москва, Санкт-Петербург, Самара, Новосибирск, Ростов-на-Дону, Барнаул жана башка шаарлардан келген 25 орусиялык жогорку окуу жай өзүнүн билим берүү программаларын тааныштырды.

Көргөзмөгө Бишкек шаарынан, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан 2 миң 800дөн ашуун абитуриент катышты.

Мектеп окуучулары Россиянын университеттериндеги адистиктер, кабыл алуу шарттары, бюджеттик орундар жана студенттик жашоо тууралуу маалымат алышты.

Бишкектеги Орус үйүнүн кызматкерлери жана «Московские классики» фондунун президенти Ольга Фролова абитуриенттерге Орусия өкмөтүнүн квотасы боюнча жана Open Doors олимпиадасы аркылуу окууга тапшыруу маселелери боюнча кеңеш беришти.

Форумдун алкагында Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү техникалык, медициналык жана айыл чарба багыттарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Ошондой эле тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюшту.

Мындан тышкары, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Улуттук изилдөө университети — «МЭИнин» адистерди даярдоо борбору ачылды. Борбор Кыргызстан үчүн атомдук, жылуулук жана гидроэнергетика тармагындагы адистерди даярдайт.

Форумду Россиянын «Россотрудничество» агенттиги, Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы жана КРСУ Россиянын Президентинин Администрациясы менен Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин колдоосу алдында уюштурду.