Алай районунла 140 орундуу бала бакча курулууда
11 июль

Алай районунла 140 орундуу бала бакча курулууда

Ош облусуна караштуу Алай районунун Сары- Могол айылында 140 орундуу “Гүлбурак” бала бакчасы курулууда.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, жалпы аянты-1398 м2.

Республикалык бюджеттен курулуп жаткан “Гүлбурак” мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкташып, окуу шарттарын жакшыртып, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө мүмкүндүк берет.

Объект ушул жылдын соңуна чейин пайдаланууга берилет.