КУУнун долбоору министрликтин Академиялык инновациялык фондунун сынагынын жеңүүчүсү болду
2026-жылдын 27-июлунда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Инновациялык борборунда «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоорунун алкагында түзүлгөн Академиялык инновациялык фонддун гранттык келишимдерине кол коюу аземи болуп өттү.
Иш-чаранын катышуучуларына министрдин орун басары, «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун улуттук координатору Дурус Исакбаевич Козуев куттуктоо сөзү менен кайрылып, сынак үч этап менен өткөрүлгөнүн, жыйынтыгында 196 сунушталган долбоордун ичинен 6 долбоор жеңүүчү болуп тандалганын айтып, алардын өлкөнүн жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү илимий жана практикалык маанисин өзгөчө белгиледи.
Жеңүүчү долбоорлордун катарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Физика жана электроника факультети тарабынан Ысык-Көл илимий станциясынын базасында даярдалган «Борбордук Азиядагы стратосфералык жана тропосфералык озондун узак мөөнөттүү мониторинги жана тренддерин DOAS ыкмасы жана Sentinel-5P спутнигинин маалыматтарынын негизинде талдоо» аттуу долбоору да бар.
Гранттык келишимге кол коюу аземине Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Д.Т.Чонтоев катышты.
