Чолпон-Атада ШКУга мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын лагери өтөт
www
23 июнь

Чолпон-Атада ШКУга мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын лагери өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу ушул жылдын 5-20-июль күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн Эл аралык илимий-билим берүү лагери өткөрүлөт. Бул тууралуу КР Агартуу министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы президенттик «Акылман» лицейинин базасында уюштурулуп, ага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мектеп окуучулары, академиялык профессорлор, илимий насаатчылар, ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы мекемелердин өкүлдөрү катышат.

Лагерь билим жана тажрыйба алмашууга, илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга жана уюмга мүчө мамлекеттердин таланттуу жаштарынын достук байланыштарын чыңдоого багытталган өзгөчө аянтча болот.