Догдуркүл Кендирбаева Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору менен жолукту
2026-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы учурдагы кызматташтыкты, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Мындан тышкары, кесиптик лицейлерде жогорку квалификациялуу жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон жумушчу кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташуунун келечеги да талкууланды.
