Мугалимди «көмгөн» иш кагаздар. Депутат агартуучулардын түйшүгүн азайтууну сунуштады
9 апрель

Мугалимди «көмгөн» иш кагаздар. Депутат агартуучулардын түйшүгүн азайтууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров бүгүнкү мугалимдердин көйгөйүн көтөрдү. Билим берүү мыйзамы кабыл алынганына эки жылдай убакыт болгонун белгилеген депутат, тилекке каршы андагы бир катар ченемдик-укуктук токтомдор иштебей жатканын айтты.

Ошондой эле, депутат белгилегендей, ал эки жума эмне себептен Кыргызстанда билим сапаты начарлап жатат деген суроонун тегерегинде жеке изилдөөсүн жүргүзүп, мугалимдер менен баарлашкан. Алардын баары мугалимге жүктөлгөн кагаз иштери толтура болгондуктан, баланы татыктуу окутууга күч да, убакыт да калбай калаарын билдиришкен.

Депутат мугалимдерге үйүлгөн кагаз иштерин тизмеледи. Аны менен катар сунушун жолдоду.

Соцпаспорт. Мектепке келген ар бир балага мугалим 3-4 беттен турган соцпасторт толтурууга милдеттүү, аны кол менен толтурат. Анда баланын аты-жөнү, ата-энеси, бир туугандары тууралуу маалыматтар камтылат.

Абакировдун сунушу:

– Биз, депутаттар мындай кагазды депутаттыкка киришер алдында бир гана жолу толтурабыз. Бир класста 40, ал турмак 50 окуучу отурат. Алардын ар биринин 3-4 беттен турган маалыматын жазуу менен мугалимдин сабак өтүүгө убактысы калбайт. «Түндүк» системасында ар бир баланын бардык маалыматы бар. Кимге маалымат керек болсо, ошол жактан алып, а мугалимди бул түйшүктөн куткаруу керек.

Класс жетекчинин портфолиосу. Ар бир мугалим атайын папка ачып, ага райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү үчүн алган өткөн курстары, алган сертификаттары тууралуу толтурган отчетторун салат.

Абакировдун сунушу:

– Жаңы билим берүү мыйзамында биз чоң иш кылганбыз. Балдардын билим берүү сапатын көзөмөлдөө департаменти ачылган, анын милдети баланын билимин текшерүү. Баланын билими аркылуу мугалимдин кандай сабак берээри аныкталат. Ошондуктан, сертификат дагы башкаларды суроонун кереги жок. Бала – мугалимдин күзгүсү.

Отряддык уюмдар. Ар бир мектепте «Манас», «Семетей», «Сейтек» уюмдары бар. Булар боюнча да мугалим отчет тапшырып турууга милдеттүү.

Абакировдун сунушу:

– Ооба, Манас биздин тарыхыбыз, аны балдарга сиңирүү керек. Бирок балдарды 100 пайыз бул отряддарга кошуу убакытты гана алат.

Коопсуз каникул. Каникул алдында мугалим ата-энелерди чогултуп, баланын каникулдагы жүрүм-туруму боюнча отчет толтурат. Мисалы, көлгө түшпөгүлө, чөгүп кетесиңер ж.б. Бул дагы мугалимге кошумча жүк.

Абакировдун сунушу:

– Негизи мындай иш чараларды өткөрүү ӨКМнын милдети болушу керек. Анын үстүнө мугалим баланын мектептеги учуруна жооптуу, ал эми каникул учурунда баланын коопсуздугу ата-эненин моюнуна жүктөлүшү керек.

Электрондук журнал. Учурда мугалимдер бир убакта кагаз журнал жана электрондук журнал иштетишет. Бул үчүн алгач кагаз журнал толтуруп, андан кийин андагы маалыматты электрондук журналга көчүрүшөт. Ошону менен бир ишти эки жолу кайталашат.

Абакировдун сунушу:

– Санариптик доорго өттүк, эгерде биз анын агымында барчу болсок, анда мугалимдерге ноутбук алып берип болсо дагы, толугу менен электрондук журналга өтүшүбүз керек. Журналдын бир гана варианты колдонулууга тийиш.

Календардык-күнүмдүк план. Мугалимдер иш тажрыйбасына карабай баары бирдей күн сайын календардык план толтурушат. Анда эртеңки күнү болчу сабактын жалпы образы түзүлөт.

Абакировдун сунушу:

– Жаңы жумушка орношкон жаш мугалимдер календардык план толтурганы туура. Бирок он жылдык стажы бар мугалим автоматтык түрдө баарын билет жана жасайт. Ага билген нерсенин кайталап жаздыруунун кажети жок.

Андан башка дагы депутат планерка, административдик кеңеш ж.б. ашыкча кагаз түйшүгүн санап берди.

«Бул кагаздардын баары баланын билимине эч кандай тиешеси жок. Көп жумушта иштедим, бирок өмүрүмдө мынча кагаз толтуруп көрбөгөм. Бизде мугалимдин убактысынын 40 пайызы кагаз иштерине кетет экен, а дүйнөлүк практикада 10 пайыздан ашпаш керек», – деди Элдар Абакиров.