Эдил Байсалов: 2025-жылы 4 миллиондон ашуун окуу-методикалык комплекс басылып чыкты
27 февраль

Эдил Байсалов: 2025-жылы 4 миллиондон ашуун окуу-методикалык комплекс басылып чыкты

2026-жылдын 27-февралында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык кеңешмеде социалдык тармак боюнча баяндама жасады.

Анда ал 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга 856 млн сом бөлүнгөнүн, анын эсебинен 4 миллиондон ашуун окуу-методикалык комплекс басылып чыкканын билдирди.

Э. Байсаловдун айтымында, бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 15 эсе көп.

Ошондой эле 2026-жылы китеп басып чыгаруунун темпин мындан ары да жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.