12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн быйылкы жүгү 5- жана 7-класстарда: алар эки программаны өздөштүрүшөт
26 август

12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн быйылкы жүгү 5- жана 7-класстарда: алар эки программаны өздөштүрүшөт

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн 1-этабы быйыл башталып, 3-этабы 2028-жылы соңуна чыгат. 

“Быйылкы жаңычылдык 1- жана 2-класстарга, ошондой эле, 5- жана 7-класстарга көбүрөөк тийиштүү. 5- жана 7-класстагылар бир жылда эки класстын материалдарын жаңы жана эски программаларды айкалыштыруу менен өтөт”, – деди ал. 

Ошондой эле, министр билим берүү процессинде түйшүктүү да, маанилүү да болгон бул жылы бардыгын: ата-энелерди, мугалимдерди бирдиктүү иштөөгө, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга” чакырды. 

“Мында эң чоң өзгөрүү балага багытталган. 6 жаштагы балдар курдаштарынан кем калбай бирдей өнүгүү процессине тартылат. Баарыбыз кооптонуп да, толкунданып да турабыз. Албетте, кемчилик кетпей койбойт, анткени биз 10 миллион ата-эненин бирдей кабыл алуусуна, жоопкерчилигине, мугалимдердин жоопкерчилигине көз карандыбыз. Кемчилик кетсе ийкемдүү жана ыкчам аракет жасайбыз”, – деди Кендирбаева.