Бишкекте жогорку билим берүү жана илимди өнүктүрүү стратегиясы талкууланды
18 сентябрь

Бишкекте жогорку билим берүү жана илимди өнүктүрүү стратегиясы талкууланды

2025-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарындагы Hyatt Regency мейманканасында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жогорку билим берүү жана илим маселелерине арналган координациялык кеңешмеси болуп өттү. Иш-чарага өлкөдөгү университеттердин өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана билим берүү тармагындагы адистер катышты.

Катышуучулар жогорку билим берүү, илим, санариптештирүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик багытындагы демилгелерди талкуулашты.

Министрлик жогорку билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун сунуштап, анда окуу программаларын жаңылоо, ЖОЖдорду санариптештирүү, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана илим менен өндүрүштү интеграциялоо маселелери белгиленди.

Стратегиянын долбоорунда тогуз негизги багыт аныкталган:

• Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окуу программаларын жаңылоо
• Интернационалдаштыруу жана академиялык мобилдүүлүк
• Инклюзивдүүлүк жана тең мүмкүнчүлүктөр
• ЖОЖдордун финансылык туруктуулугу жана автономиясы
• Илим менен инновацияны өнүктүрүү
• Санариптик трансформация
• Кадрдык потенциалды бекемдөө
• Эмгек рыногу менен интеграция
• Университеттердин «үчүнчү миссиясы» – коомдук өнүгүү борборлору катары иш алып баруу

Стратегиянын долбоорунда чет өлкөлүк студенттердин санын көбөйтүү, билим берүү программаларын кеңейтүү, кыргыз ЖОЖдорунун эл аралык рейтингдерге (QS Asia, THE, IAAR EUR) кирүүсүн камсыз кылуу сыяктуу максаттуу көрсөткүчтөр белгиленген.

Кеңешменин алкагында Кыргызстандагы илимдин чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча изилдөөлөр да сунушталды. Азыркы учурда өлкөдө 69 илимий уюм иш алып барат, бирок бул тармак финансынын жетишсиздигинен, эски базадан, «мээ агымынан» жана экономика менен алсыз байланыштан жабыркап келет.

2030-жылга чейин илимге каражатты ИДПнын 0,5%ине чейин көбөйтүү, илимий кадрларды даярдоо, санариптештирүү жана изилдөөлөрдү коммерциялаштыруу, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү пландалууда.