Кыргызстандык окуучулар Ташкентте өткөн эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди, анын экөө алтын
Үстүбүздөгү жылдын 1-7-июнь күндөрү Өзбекстандын Ташкент облусунун Бостанлык районундагы «Ренессанс» ден соолукту чыңдоо борборунда математика жана информатика боюнча IV Эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Агартуу министрлигинен кабарлашты.
Олимпиадага 16 өлкөдөн (Малайзия, Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Беларусь, Бангладеш, Куба, Венесуэла, Иордания, Азербайжан, Өзбекстан, Румыния жана Иран) 219 окуучу катышты.
Кыргызстандын намысын 12 математика боюнча жана 12 информатика боюнча окуучу коргоду.
Информатика боюнча 8 окуучу медалга ээ болду: 2 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль.
Медалдардын ээлери:
1. Эмирхан Сыдыкбаев, 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби – алтын медаль.
Тренери: Евгений Кичак.
2. Бектен Абдувалиев, 8-класс, International School of Kyrgyzstan – алтын медаль.
Машыктуруучусу: Кылычбек Урайымов.
3. Азирет Исраилов, 9-класс, Intellect Pro School – күмүш медаль.
Машыктуруучусу: Медербек Осмонов.
4. Арлан Саят, 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби – күмүш медаль.
Машыктуруучулары: Мамат Ишматов, Бексултан Алмазбеков.
5. Ариет Акимов, 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби – күмүш медаль.
Машыктуруучулары: Мамат Ишматов, Бексултан Алмазбеков.
6. Таалим Турумбеков, 7-класс, «Акылман» Президенттик лицейи – коло медаль.
Машыктуруучусу: Медербек Осмонов.
7. Акылбек Байдолетов, 8-класс, №70 мектеби – коло медаль.
Машыктуруучусу: Вячеслав Муравьев.
8. Айдай Жармаматова, 8-класс, Intellect Pro School – коло медаль.
Машыктуруучусу: Медербек Осмонов.
Математика боюнча 5 окуучу медалга ээ болду: 1 күмүш жана 4 коло медаль.
Медалдардын ээлери:
1. Нурмухаммед Жаратов, 8-класс, «МААРИФ» билим берүү комплекси – күмүш медаль.
2. Яголковский Артём, 7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби – коло медаль.
3. Камчыбеков Бекжан, 8-класс, №61 АФММЛ ОК – коло медаль.
4. Ахунбаев Алихан, 8-класс, «Акылман» Президенттик лицейи – коло медаль.
5. Абдигапаров Баязет, 8-класс, «Акылман» Президенттик лицейи – коло медаль.
Машыктуруучулары: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол, Асанкадыров Айдин, Эшперов Нурсултан, Киргизбаев Назар, Аманов Айбар
Катышуу сертификатын алган окуучулар:
• Алан Абдукаимов, 8-класс, «Акылман» президенттик лицейи;
• Абдумалик Матанов, 9-класс, Чыңгыз Айтматов атындагы лицей;
• Арсен Жапаров, 9-класс, Ноокат Билимканасы;
• Жанболот Асейинов, 7-класс, «Кут Билим» окуу-тарбия комплекси;
• Турганбеков Артык, 8-класс, №61 АФММЛ ОК;
• Зарылбеков Нурислам, 7-класс, №70 мектеби;
• Иметов Алманбет, 8-класс, Купуев академиясы;
• Асаналиев Амантур, 6-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
• Эрмеков Аалы, 8-класс, Купуев академиясы;
• Кубатбеков Алиаскар, 6-класс, Купуев академиясы;
• Исаков Сапар, 7-класс, «Академия будущих лидеров» мектеби.
Команданы жетектеп барган машыктыруучулары:
1. Абдураимов Шумкарбек;
2. Аманов Айбар;
3. Жолдубай уулу Бекжол;
4. Кылычбек Урайымов;
5. Медербек Осмонов;
6. Бексултан Алмазбеков;
7. Евгений Кичак.
