Жалал-Абадда 400 орундуу президенттик “Акылман” лицейи курулууда
Жалал-Абадда 400 орундуу президенттик “Акылман” лицейи курулушу уланууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев облустагы стратегиялык объектилердин курулушу менен таанышты.
Билим берүү комплекси 2026-жылдын жай мезгилинде бүткөрүлүп, жаңы окуу жылына даяр абалда пайдаланууга берилет.
Лицей заманбап спорт зал, бассейн, окуучулар үчүн жатакана жана мугалимдер үчүн кызматтык батирлер менен камсыздалып, өлкөдөгү алдыңкы билим берүү борборлорунун бири болууга багытталган.
