Агартуу министрлигинде мектептик тамактанууну санариптештирүү талкууланды
10 март

Агартуу министрлигинде мектептик тамактанууну санариптештирүү талкууланды

Бүгүн, 10-мартта Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде “Э-Күндөлүк” автоматташтырылган маалыматтык системасынын “Мектептик тамактануу” модулу боюнча тесттик режимдеги жумушчу жыйын болуп өттү.

Жыйынга агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева, министрликтин тиешелүү кызматкерлери, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү, “УЛУТ Софт” жоопкерчилиги чектелген коомунун адистери, Россиянын тармактык тамактануу институтунун (SIFI) өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Тоголок Молдо атындагы №71 жатак мектебинин жана №64 жалпы билим берүү мектебинин мектептик тамактанууга жооптуу адистери, Октябрь районунун Билим берүү башкармалыгынын тиешелүү кызматкерлери катышты.

Жыйында “Мектептик тамактануу” модулунун функционалдык мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, аны мектептерде колдонууга ыңгайлуу кылуу жана системаны практикалык талаптарга ылайык өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды. Мектептик тамактануу тармагын санариптештирүү билим берүү системасындагы маанилүү кадамдардын бири экени белгиленди.

Министрдин орун басары Лира Самыкбаева:

“Мектептик тамактануу модулунун киргизилиши мектептерде тамак-ашты пландаштыруу, эсепке алуу жана көзөмөл жүргүзүү иштерин ачык-айкын жана натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Санариптик чечимдер административдик жүктөмдү азайтып, мектеп кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү менен бирге балдардын сапаттуу жана коопсуз тамактануусун камсыз кылууга шарт түзөт. Ошондуктан бул система мектептердин реалдуу муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыгышы абдан маанилүү”, – деп белгиледи.

Катышуучулардын сунуштарын эске алуу менен “Мектептик тамактануу” модулун өркүндөтүү боюнча кийинки кадамдар белгиленди.