Мэр Токторбаев үй-бүлөлүк балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн курулуп жаткан турак жайдын курулушун көрүп чыкты
15 февраль

Мэр Токторбаев үй-бүлөлүк балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн курулуп жаткан турак жайдын курулушун көрүп чыкты

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев балдар үйлөрүнөн тарбияланып чыккан жаштар үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. 28 батирден турган турак жайдагы жумуштар бекитилген графикке ылайык уланууда.

Бул батирлер курулуп бүткөндөн кийин “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйлөрүнөн чыккан жаштар турак жай менен камсыз болушат. Мэр Жеңишбек Токторбаев батирлер бардык зарыл шарттар менен курулуп, турмуш-тиричилик техникалары менен да камсыздала турганын белгиледи.