КММАда ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөөчү заманбап лаборатория пайдаланууга берилди
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында ичүүчү суунун сапатын аныктоочу заманбап лабораториянын ачылышы болуп өттү.
Жаңы лаборатория санитардык-химиялык, микробиологиялык жана башка көрсөткүчтөр боюнча ичүүчү сууну улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык изилдөөгө мүмкүнчүлүк берген заманбап аналитикалык жабдуулар менен камсыздалган.
Лабораториянын ачылышы Кыргызстандын коомдук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Бул жерде болочок дарыгерлер жана адистер практикалык көндүмдөргө ээ болуп, суунун сапатын көзөмөлдөө боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт жана илимий иштер жүзөгө ашырылат.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, КММАнын жетекчилиги, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана тармактын адистери катышты.
«Коопсуз ичүүчү суу – калктын саламаттыгын сактоонун негизги факторлорунун бири. Бул лабораториянын ачылышы суунун сапатына мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү менен бирге келечектеги медицина адистерин жогорку деңгээлде даярдоого өбөлгө түзөт», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова.
КММАнын ректору Индира Кудайбергенова лабораторияны заманбап жабдуулар менен камсыздоого көрсөткөн колдоосу үчүн Дүйнөлүк банкка, АРИСке жана KOICA уюмуна ыраазычылык билдирди.
Жаңы лаборатория студенттерди окутууда, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган суу менен камсыздоо тутумдарындагы суунун сапатын талдоодо, ошондой эле калктын ден соолугун коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууда пайдаланылат.
Лабораториянын ачылышы – улуттун саламаттыгына, медициналык билим берүүнү өнүктүрүүгө жана ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөө системасына заманбап илимий ыкмаларды киргизүүгө кошулган маанилүү салым.
