Кыргыз мамлекеттик медицинадык академиясында медициналык кадрларды даярдоо системасын өнүктүрүү талкууланды
2026-жылдын 14-февралында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Кадыралиев дипломго чейинки билим берүү баскычынын бүтүрүүчү курс студенттери менен жолугушту.
Жолугушууда болочок дарыгерлердин мындан аркы кесиптик даярдыгы, интернатура жана ординатурадан өтүү маселелери, ошондой эле студенттердин клиникалык даярдыгын өркүндөтүү жолдору талкууланды. Окутуунун практикалык бөлүгүн күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду – үчүнчү курстан тартып клиникалык дисциплиналарды өздөштүрүү мезгилинде тажрыйбалуу дарыгер-насаатчыларды тартуу жана медициналык уюмдардагы практикалык иш убактысын көбөйтүү каралууда.
Министрдин орун басары Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык кызматташтыктын алкагында эң талап кылынган адистиктер боюнча 20 бүтүрүүчүнү конкурстук негизде ординатурага жиберүүнү пландап жатканын маалымдады. Программага катышуунун милдеттүү шарты – адистердин Кыргыз Республикасына кайтып келип, саламаттык сактоо системасында иштөөсү болуп саналат.
Мындан тышкары, «Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операцияны кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында эл аралык тажрыйба алмашууга жана окутуу иш-чараларына грант каралган. Бул чет өлкөдө резидентурада окууга жана андан соң өлкөдө ишке орношууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Өзүнчө башкаруучулук кадрлар резервин калыптандыруу маселеси да көтөрүлдү. Министрдин орун басары коомдук саламаттык сактоо кафедрасында билим алып жаткан студенттерди келечектеги тармактык жетекчилерди даярдоо максатында Саламаттык сактоо министрлигинин системасында стажировкадан өтүүгө чакырды.
«Бүгүн саламаттык сактоо системасына күчтүү клиницисттер гана эмес, кесипкөй башкаруучулар да керек. Биз окутуу жана эл аралык тажрыйба алмашуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө даярбыз. Бирок негизги принцип өзгөрбөйт – алынган билим жана тажрыйба Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кызмат кылышы керек», – деп белгиледи Бакыт Кадыралиев.
Мындай жолугушуулар жаш медицина кызматкерлери менен туруктуу негизде өткөрүлүп турары белгиленди. Жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун Медакадемиянын студенттери менен жолугушуусу да пландалууда.
