Ош шаарындагы жаңы мектептердин курулушу текшерилди
19 август

Ош шаарындагы жаңы мектептердин курулушу текшерилди

18-августта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында шаар мэри Жанар Акаев менен биргеликте курулуп жаткан жаңы мектептердин курулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулуп жатат.

Алар:

* Салижан Жигитов атындагы №2 мектептин (мурунку Карл Маркс атындагы мектеп) 1200 орундуу жаңы имаратынын курулушу. Мектеп 5 блоктон туруп, 4 кабаттуу;

* С. Алымкулов атындагы №33 орто мектеби үчүн 312 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу. Объект 2 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

* Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин аймагындагы 750 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу. Мектеп 7 блоктон туруп, 3 кабаттуу;

* М. В. Ломоносов атындагы №3 орто мектебинин эски имаратынын ордуна жаңы 1000 орундуу мектептин курулушу. Объект 4 блоктон турат, 4 кабаттуу жана жертөлөсү каралган;

* Ак-Буура конушундагы 800 орундуу мектептин курулушу. Имарат 5 блоктон туруп, 3 кабаттуу;

* Ош шаарынын Ишкаван айылындагы 700 орундуу жаңы мектептин курулушу. Объект 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

* Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Сары-Зоо тилкесиндеги 528 орундуу мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон туруп, 3 кабаттуу;

* Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы, Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп үчүн 1200 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу. Объект 5 блоктон турат жана 4 кабаттуу;

* Эне-Сай жаңы конушундагы 1000 орундуу жаңы мектептин курулушу. Мектеп 2 блоктон туруп, 3 кабаттуу;

* Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Сүрөттүү-Таш айылындагы 500 орундуу жаңы мектептин курулушу. Объект 6 блоктон турат жана 2 кабаттуу.

Аталган мектептерди курулуш этабына жараша жаңы окуу жылынын сентябрь, октябрь айларында пайдаланууга берүү пландалууда.