Бишкекте 1,2 миң орундуу жаңы мектеп курулууда
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан бир катар мектептердеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Алардын бири – Ленин району Гагарин көчөсү 166 дарегинде жайгашкан №55 мектептин 1200 орундуу жаңы корпусу.
Объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталып, учурда иштер белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Мектеп мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоор боюнча эки кабаттуу беш блоктон турат. Анда заманбап окуу класстары, китепкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруп, подрядчы уюмга бардык иштерди өз убагында жана талапка ылайык бүтүрүү боюнча тапшырма берди.
Курулуш аяктагандан кийин жаңы корпус окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, борбор калаадагы билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүгө салым кошот.
