Кыргызстан боюнча 57 миңге жакын абитуриет ЖРТ тапшырды
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун билдирүүсү боюнча ушул жылдын май айында республика боюнча 56 159 абитуриент ЖРТ тапшырды.
Алардын ичинен:
- 31 731 абитуриент кыргыз тилинде,
- 24 428 абитуриент орус тилинде ЖРТ тапшырды.
Май айында тест тапшырган абитуриенттердин ЖРТ сертификаттары мектептерге жана шаардык/райондук билим берүү бѳлүмдѳрүнѳ аттестаттар тапшырылганга чейин жѳнѳтүлѳт.
Абитуриент сертификатты алуу үчүн тестке кирүү талонун тапшырышы керек.
