12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүнүн алкагында 9 млн 351 миң ОМК басылды
Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүү системасына этап-этабы менен өтүүнүн алкагында окуучуларды жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстери (ОМК) менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
2025-жылы жалпы 4 млн 735 миң 870 даана ОМК чыгарылып, билим берүү уюмдарына таратылган.
2026-жылы бүгүнкү күнгө карата 3 млн 172 миң 728 даана окуу китеби басылып чыгып, таратылды. Учурда дагы 1 млн 442 миң 815 даана ОМК басылып чыгарылууда.
Жалпысынан 2026-жылы 4 млн 615 миң 543 даана ОМК чыгарылып таратылат.
Бул иштер билим берүүнүн мазмунун жаңылоого, окуу процессин заманбап талаптарга ылайык уюштурууга жана окуучуларды сапаттуу ОМК менен камсыз кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарын зарыл окуу адабияттары менен камсыз кылуу жана окуу китептерин чыгаруу иштерин белгиленген тартипте улантат.
