Ош шаарында абанын сапатына көз салган жаңы станция ачылды
видеодон алынган кадр
11 сентябрь

Ош шаарында абанын сапатына көз салган жаңы станция ачылды

Күн мурун, 10-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде атмосфералык абанын булганышын изилдөө жана баалоо боюнча эл аралык долбоордун алкагында абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станциянын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро, Токио илим институтунун өкүлдөрү жана долбоордун катышуучулары катышышты.

Мэрдин орун басары куттуктоо сөзүндө долбоордун Ош шаары үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле абанын сапатын көзөмөлдөөдө заманбап технологияларды колдонуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маанилүү экенин айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө станциянын иштөө тартиби жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн брифинг уюштурулду.

Жаңы станциянын ишке киргизилиши менен Ош шаарындагы абанын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө, экологиялык маселелер боюнча так маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.