Милиция кызматкерлери бир нече уурулук фактысына шектелген жаранды кармашты
11 сентябрь

Милиция кызматкерлери бир нече уурулук фактысына шектелген жаранды кармашты

2026-жылдын 4-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына С.У. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда борбор калаадагы мечиттердин биринде калтырып кеткен барсеткасынан белгисиз адам тарабынан Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефону жана 5 600 сом акчасы уурдалганын билдирген.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү - 1996-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун токтому менен шектүүгө карата бөгөт коюу чарасы катары 2026-жылдын 4-ноябрына чейин камакта кармоо тандалып, №1 тергөө абагына киргизилген.

Учурда кармалган жарандын дагы үч ушул сыяктуу уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Тергөө иштери улантылууда.