Кыргызстан менен Азербайжан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөөдө
КР ИИМ
11 сентябрь

Кыргызстан менен Азербайжан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөөдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. 

КР ИИМден кабарлашкандай, документке 10-сентябрда Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 3-жолугушуусунун алкагында кол коюлду.

​Кыргыз тараптан Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков, ал эми азербайжан тараптан Азербайжан Республикасынын Ички иштер министри, генерал-полковник Вилаят Сулейман оглу Эйвазов кол койду.

​Макулдашуу эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын практикалык өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө, анын ичинде маалымат жана тажрыйба алмашууга, кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачуу боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган.

​Документке кол коюу Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат.