Ысык-Көл облусунда балдар үчүн тамак-аш өндүрүүчү завод курууну пландалууда
Ысык-Көл облусунда балдар үчүн тамак-аш өндүрүүчү завод курууну пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
Билдирүүгө ылайык, министрдин орун басары Рыскүл Акимжанова Балыкчы шаарындагы «Оберон» ишканасына барды.
Ишкана жашылча-жемиштерди сактоо жана ташуу менен алектенет. Аянты 1500 чарчы метрди түзгөн ишканада мөмө-жемиштерди сактоого ылайыкташкан 12 камера бар. Анда жалпы 2400 тоннага чейин продукцияны сактоо мүмкүнчүлүгү каралган.
Ошондой эле ишкана келечекте балдар үчүн тамак-аш өндүрүүчү завод курууну пландап жатат.
Андан соң Ананьево айылындагы «Агрохолдинг Сазановка» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкана жергиликтүү тургундардан алма жана алмурут сатып алып, аларды кайра иштетүү аркылуу табигый ширелерди чыгарат. Даяр продукция негизинен өлкөнүн ички рыногуна сатылып, анын ичинде «Кумтөр» компаниясына да жеткирилет.
Түп районундагы «Сүт Булак» ишканасында күнүнө 18 тоннага чейин сүт кайра иштетилип, сырдын 14 түрү өндүрүлөт.
Мындан тышкары, Тасма айылындагы ишканада табигый чөптөрдүн негизинде самын өндүрүлөт. Өндүрүлгөн продукция негизинен өлкөнүн ички рыногуна чыгарылат.
Иш сапардын жүрүшүндө Рысгүл Акимжанова ишканалардын учурдагы ишмердүүлүгү жана келечектеги өнүгүү пландары менен таанышып, жергиликтүү айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү, жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана ишкерлер менен кызматташууну күчөтүү маанилүү экенин белгиледи.
Министрдин орун басары ишкерлердин сунуш-пикирлерин угуп, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.
