Сүрөт ачык булактардан алынды
11 сентябрь
Кыргызстанда биринчи класстын окуучуларына жаңы жумушчу дептерлер бекер таратылат
Кыргыз тилинде билим алган мектептердин 1-класстары үчүн «Табигый илимдер. Мен жана дүйнө» окуу китебине жаңы жумушчу дептерлер чыгарылды. Бул тууралуу «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Тологон Аматов билдирди.
Жалпы тиражы 109,6 миң нусканы түзөт.
Анын айтымында, жумушчу дептер биринчи класстын окуучуларына жаңы материалды өздөштүрүүгө, практикалык тапшырмаларды аткарууга жана алган билимдерин бекемдөөгө жардам берет.
Жаңы окуу жылынын башталышына карата дептерлер мектептерге жеткирилет. Алар 1-класстын окуучуларына бекер таратылат.
