Министр Нурдан Орунтаев Бишкектеги 12 мектептин курулушун текшерди
22 июнь

Министр Нурдан Орунтаев Бишкектеги 12 мектептин курулушун текшерди

21-июнда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан 12 мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Текшерүү иштери курулушу ушул жылдын башында башталган Октябрь жана Ленин райондорундагы жаңы мектептерде жүргүзүлдү. Көчмө текшерүүдө курулуштун сапаты, жумушчулардын саны, иштин жүрүү темпи жана графиктин сакталышы каралды. Ошондой эле колдонулуп жаткан курулуш материалдарынын сапатына өзгөчө көңүл бурулду.

Министр өз сөзүндө курулуш иштеринин сапаты жана белгиленген мөөнөттөрдүн так аткарылышы өзгөчө көзөмөлдө болорун белгиледи. Айрым объектилерде курулуш темпи жай жүрүп жатканы жана жумушчу күчүнүн жетишсиздиги белгиленип, тиешелүү подряддык уюмдарга эскертүүлөр берилди. Кээ бир курулуш иштеринде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча мөөнөт коюлду.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Президенттин тапшырмасына ылайык Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 20 билим берүү объектисинин курулушу жүрүп жатат. Алар: Октябрь району – 6 объект, Ленин району – 6 объект, Биринчи май району – 5 объект, Свердлов району – 3 объект. Долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Текшерүүгө алынган мектептер:

Ленин району:
- Алыкулов көч. 1 – №42 мектепке 385 орундуу жаңы корпус
- Кашка-Баш айылы – 750 орундуу жаңы мектеп
- Ак-Ордо конушу, Теңир-Тоо көч. 1 – 750 орундуу жаңы мектеп
- Гагарин көч. 166 – №55 мектепке 1200 орундуу жаңы корпус
- Жал кичи району, 29 – №72 мектепке 750 орундуу корпус
- Арча-Бешик конушу, Садыбакасов 94 – №79 мектепке 560 орундуу жаңы корпус

Октябрь району:
- Көк-Жар конушу, Куйручук көч. 123/1 – №88 мектепке 500 орундуу жаңы корпус
- Түштүк пландоо зонасы, Токомбаев көч. 15/8а – 750 орундуу жаңы мектеп
- №8 кичи район, 19/1 – №64 мектепке 800 орундуу жаңы корпус
- Өскөн-Ордо конушу – 750 орундуу жаңы мектеп
- Кара-Жыгач конушу, Оберон көч. 18/1 – №91 мектепке 750 орундуу жаңы корпус
- Көк-Жар айылы – 750 орундуу жаңы мектеп