Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин илим жана техника маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өтөт
Бишкек шаарында 22-майда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин илим жана техника маселелери боюнча министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин Онунчу кеңешмеси өтөт.
Иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги болуп саналат.
Жолугушуунун негизги максаты — ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда илим, технология жана инновация тармагындагы кызматташууну чыңдоо жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү.
Кеңешменин алкагында илимий-техникалык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелери талкууланып, тажрыйба алмашуу жүргүзүлүп, катышуучу өлкөлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу пландалууда.
Кеңешменин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан делегациялары, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү катышат.
Кеңешме илим, техника жана инновация жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү эл аралык аянтча болот.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бул кеңешменин өткөрүлүшү эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирет.
