Акыркы коңгуроодо акча чогултууга болбойт
www
18 май

Акыркы коңгуроодо акча чогултууга болбойт

КР Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында өткөрүлүүчү «Акыркы коңгуроо» салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден жана мыйзамду өкүлдөрдөн акча каражаттарын чогултууга тыюу салынарын эскертет.

Бул талаптар коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ата-энелерге кошумча материалдык басым көрсөтүүгө жол бербөө жана билим берүү чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин № 593/1 буйругуна ылайык:

  • «Акыркы коңгуроо» салтанатын өткөрүү үчүн акча чогултуу;
  • мугалимдерге же мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат чогултуу;
  • мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштуруу;
  • ата-энелерге материалдык басым көрсөтүү мыйзамсыз болуп эсептелет.

Агартуу министрлиги мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. «Акыркы коңгуроо» майрамы коопсуз жана ашыкча чыгымсыз өткөрүлүшү керек.