Кыргызстандык окуучу кыз информатика боюнча Европалык кыз-келиндер олимпиадасында клол медаль жеңип алды
21 июль

Кыргызстандык окуучу кыз информатика боюнча Европалык кыз-келиндер олимпиадасында клол медаль жеңип алды

Кыргызстандын командасы Германиянын Бонн шаарында өткөн Информатика боюнча европалык кыз-келиндер олимпиадасында (EGOI – 2025) күч сынашты.

Олимпиадага дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсү катышты. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Акжолтоева Айпери коло медалды багындырды.

Команданын курамы:

  • Акжолтоева Айпери
  • Шабданалиева Айпери
  • Даниярова Мерида
  • Кадырова Айганыш

Команданын жетекчиси: Артём Беляев

Жетекчинин орун басары: Сагына Акматалиева