Бишкекте мектептеги бомба тууралуу жалган маалымат тараткан окуучулар аныкталды
Ушул жылдын 31-мартында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ички иштер министрлиги менен биргеликте “WhatsApp” аркылуу 5 жана 7-класстын окуучулары үчүн түзүлгөн топтук чаттарда окуу жайынын имаратына коюлган жардыргыч түзүлүштөр тууралуу үн билдирүүлөрүн таратышкан Бишкектеги мектептин окуучуларын аныкташты.
КР ИИМдин кинологиялык кызматынын катышуусунда имаратты жана аймакты текшерүү учурунда жардыргыч, ок атуучу жана башка жарылуучу заттар табылган жок.
Маалыматтарды каттоо журналына катталган материалдар боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүрүп жатат.
КР УКМК ата-энелерди жана мугалимдерди балдар менен дайыма түшүндүрүү ишин жүргүзүүгө жана алардын жүрүм-турумун жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөөгө, анын ичинде онлайн активдүүлүгүнө, тармактагы байланыштарына жана кызыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
