Агартуу министрлиги: саат 17:30га карата 1-класска 15 миңден ашуун бала катталды
www
апрель

Агартуу министрлиги: саат 17:30га карата 1-класска 15 миңден ашуун бала катталды

Бүгүн, 1-апрелден тарта өлкө боюнча балдарды мектепке электрондук каттоо башталды.

Агартуу министрлигинен кабарлашкандай, каттоонун биринчи этабы саат 10:00дө старт алды. Саат 17:30га карата республика боюнча 15 626 бала мектепке катталды.

  • Бишкек шаарында 4 478,
  • Ош облусунда – 2 630,
  • Жалал-Абад облусунда – 2 505,
  • Баткен облусунда – 1 641,
  • Чүй облусунда – 1 582,
  • Ысык-Көл облусунда – 1 104,
  • Нарын облусунда – 641,
  • Талас облусунда – 535,
  • Ош шаарында – 510 бала катталды.

Биринчи этапта эта-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

Белгилей кетсек, 1-класска 2019-жылы жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат.