«Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишинде мүчүлүштүк катталды
www
14 июль

«Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишинде мүчүлүштүк катталды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дөн тартып жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына документтерди кабыл алууну камсыз кылган «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишинде Маалыматтарды иштетүү борборундагы (ЦОД) авариялык кырдаалга байланыштуу техникалык мүчүлүштүк катталганын маалымдайт.

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, Маалыматтарды иштетүү борборунда электр энергиясы авариялык түрдө өчүрүлгөн. Буга борборду электр энергиясы менен камсыз кылган эки көз карандысыз трансформатордук көмөк чордондун электр менен камсыздоосу бир убакта үзгүлтүккө учураганы себеп болгон.

Тышкы электр энергиясынын толук өчүшүнүн натыйжасында Маалыматтарды иштетүү борборунун жабдууларынын иши убактылуу токтотулуп, анда жайгашкан маалыматтык системалар менен сервистердин, анын ичинде «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасынын убактылуу жеткиликсиз болушуна алып келди.

Белгилей кетсек, бул жагдай адам факторуна байланыштуу эмес. Бул – Маалыматтарды иштетүү борборунун электр менен камсыздалышындагы авариядан улам келип чыккан техникалык мүчүлүштүк болуп саналат жана кабыл алуу кампаниясынын уюштурулушуна байланыштуу эмес.

Учурда «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин адистери электр менен камсыздоону калыбына келтирүү жана Маалыматтарды иштетүү борборунун жабдууларын штаттык режимде ишке киргизүү боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Электр менен камсыздоо жана «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасынын штаттык режими толук калыбына келтирилгенден кийин I турдун алкагында документтерди кабыл алуу мөөнөтү система жеткиликсиз болгон убакытка барабар мөөнөткө узартылат. (Мисалы, эгерде система техникалык мүчүлүштүк башталгандан кийин 5 сааттан соң калыбына келтирилсе, анда документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы 5 саатка узартылат).

Башкача айтканда, техникалык авариядан улам система иштебей калган убакыт толугу менен компенсацияланат. Документтерди кабыл алуунун так аяктоо убактысы система толук калыбына келтирилгенден кийин Министрлик тарабынан кошумча маалымдалат.