Кара-Суу районунда 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды 
16 сентябрь

Кара-Суу районунда 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кайрагач айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу соңуна чыгып калды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Объект Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Курулуштун жалпы наркы 105 миллион сомду түздү.

Жаңы билим уясы төрт блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залы. Жалпы аянты 2 262 м²ди түзүп, заманбап стандарттарга ылайык курулду.

Эске салсак, мектептин эски имараты 1960-жылы ашар жолу менен курулуп, болгону 90 окуучуга ылайыкталган.