Агартуу министрлиги мугалимдер эмгек өргүүсүнөн чакыртылууда деген маалыматты төгүндөйт
27 июнь

Агартуу министрлиги мугалимдер эмгек өргүүсүнөн чакыртылууда деген маалыматты төгүндөйт

Агартуу министрлиги мугалимдер эмгек өргүүсүнөн чакыртылууда деген маалыматты төгүндөйт.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, министрлик азыркы учурда «Санарип Кампа» жана «Э-Күндөлүк» санариптик платформаларын колдонуу боюнча окутуу семинарларын өткөрүүдө.

Бул иш-чаралардын максаты – билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин санариптик компетенцияларын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана окуу процессин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Семинарлар өлкөнүн 30дан ашык районун камтып, Балыкчы, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Өзгөн шаарларында өтүп жатат. Семинарларга райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле мектеп директорлору гана катышып жатышат.

Мугалимдер бул иш-чараларга катышкан да, эмгек өргүүсүнөн чакыртылган да жок.