Кыргызстан менен Орусиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Россия Федерациясынын Агартуу министрлигине орус тилин окутууну жакшыртуу боюнча туруктуу колдоосу жана биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди.
“Биз россиялык кесиптештер менен бир нече жолу жолугушуп, орус тилин окутуунун сапатын жогорулатуу маселелерин кеңири талкууладык. Маанилүү натыйжалардын бири катары “Алтын Казык” билим берүү системасын масштабдуу трансформациялоо программасынын алкагында жаңы муундагы окуу китептерин түзүү болду”, — деп белгиледи министр.
Окуу китептери эки өлкөнүн авторлорунун биргелешкен эмгеги менен жаңы билим берүү стандарттарын жана Кыргызстандын маданий- тилдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан. 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн орус тили боюнча окуу китептеринин комплекттери келип түштү, жакынкы аралыкта адабият боюнча окуу китептери да жеткирилет.
“Бул окуу китептери орус тилин окутуунун сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп, эки өлкөнүн Агартуу министрликтеринин эффективдүү кызматташуусунун көрүнүктүү мисалына айланат”, — деп баса белгиледи Кендирбаева.
