Ысык-Көл районундагы Өрүктү айылында заманбап мектеп курулууда
Ысык-Көл районуна караштуу Өрүктү айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, наркы 89 миллион сомду түзөт. Азыркы тапта курулуш иштери 85 пайызга аткарылды.
Башкы долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан жана заманбап спорт залынан турат. Объекттин жалпы аянты — 1280 чарчы метр.
Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1954-жылы курулуп, кийин 1985-жылы экинчи корпусу салынган.
