Кыргызстандык окуучулар киберкоопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада эки коло медаль утту
Ушул жылдын 22–28-июнунда Сингапурда киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык олимпиада (ICO 2025 Singapore) өттү. Ага 27 өлкөдөн 135 окуучу катышты.
Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, Кыргызстан бул олимпиадага биринчи жолу катышып, дароо эле чоң ийгилик жаратты.
Олимпиадага катышкан 5 окуучунун экөөсү коло медаль жеңип алды. Алар:
- Айпери Акжолтоева – Ысык-Көл облусундагы З. Бектенов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу
- Исхак Тажибаев – Бишкектеги «Кут Билим» билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу
Андан тышкары үч окуучу сертификатка ээ болду.
Алар:
- Али Имран Кубанов – Бишкек шаарындагы № 6 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу
- Алинур Кадыров – «Акылман» президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу
- Тенгиз Жамалов – Ысык-Көл облусундагы Х. Карасаев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу
Команданы эл аралык олимпиадага Кылычбек Урайымов, Эрбол Жусупбековдор даярдашкан.
