Каракол – Эңилчек унаа жолунда бир тараптуу каттам ачылды
3 март

Каракол – Эңилчек унаа жолунда бир тараптуу каттам ачылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол – Эңилчек унаа жолуна (Чоң-Ашуу) түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, учурда №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 15 000 м3 түзөт.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:00дөр чамасында Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.