Үч-Коргон ГЭСинде жумушчу дөңгөлөк орнотулду
«Үч-Коргон ГЭСинин модернизациялоо» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
Учурда ГЭСтин модернизацияланып жаткан экинчи гидроагрегатынын маанилүү этаптарынын бири – жумушчу дөңгөлөгү турбина баштыгы менен ордуна ийгиликтүү орнотулду. Бул – УКГЭСин жаңылоого багытталган кеңири масштабдагы долбоордун алкагында реконструкцияланып жаткан экинчи гидроагрегат.
Үч-Коргон ГЭСиндеги экинчи ГАны реконструкциялоо иштеринин 56% аткарылды. Гидроагрегаттын калган чогултуу иштери ылдамдатылган режимде жүргүзүлүүдө. Долбоордун негизги подрядчиги болуп Кытайдын CNEEC (China National Electric Engineering Co. Ltd.) компаниясы саналат.
Экинчи гидроагрегат боюнча жумуштардын аткарылышынын пайызы:
- Демонтажы – 100%
- Монтажы – 62,4%
- Статор чогултуу – 100%
- Ротор чогултуу – 94%
- АБ (кошумча иштер) – 100%
- SCADA монтажы – 27,4%
- Кургатуучу системалар – 49,8%
- Майлоо жана техникалык иштер – 41,2%
- ВБ көтөрүүчү механизм – 24,7%
- МНГП – 12,9%
- ОРУ-110 кВ – 3,4%
Учурдагы этапта төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө:
• Реконструкцияланып жаткан гидроагрегаттын башкаруу системасын тууралоо жана көзөмөлдөөчү зымдарын тартуу, жөнгө салуу системасынын трубопроводдорун монтаждоо, ротордун үстүнкү жана төмөнкү кристовиналарын кураштыруу, турбинанын капкагын, жумушчу дөңгөлөктүн жана турбинанын валын долбоорлонгон жерге тактап орнотуу жана монтаждоо;
• Майлоо жана техникалык тейлөө – трубопроводдорду монтаждоо, резервуарлардын металл бетинен эски лак-боёк катмарларын тазалоо;
• Стационардык көтөрүү механизми АРЗ ТВ – көтөрүүчү (лебёдка) механизминин негиздерин орнотуу жана оюктарды алмаштыруу үчүн бетонду демонтаждоо, жаңы АРЗ оюктарын орнотуу.
• АБТ-110 кВ – клема шкафдарын орнотуу жана II-СШ-110 зымдарын алмаштыруу.
Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 189 МВт. Экинчи гидроагрегатты реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 9 МВтга жогорулатылат, бул аймактагы электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыздоону күчөтөт. Экинчи гидроагрегатты реконструкциялоо иштери 2025-жылдын ноябрь айында аяктап, ишке киргизүү пландалууда.
Гидроагрегаттын модернизациясына заманбап технологиялар жана жабдуулар колдонулуп, станциянын узак мөөнөттүү ишенимдүүлүгүн камсыздайт. Коопсуздук жана автоматташтыруу системаларына өзгөчө көңүл бурулууда – жаңы SCADA модулдары жана гидроагрегаттын эксплуатациялык параметрлерине мониторинг жүргүзүү системалары ишке киргизилүүдө.
