Комитет «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
3 март

Комитет «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев маалымат берди.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга болгон укугун ишке ашырууга, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салууга, ошондой эле көз карандысыз, жооптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө боло турган жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.

ЖМКларды каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу, маалыматка жетүү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин уюштуруу ченемдерин жана журналисттердин кесиптик ишмердигине байланыштуу башка ченемдерди тартипке келтирүү сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Миргүл Темирбаева чет өлкөлүк катышуу менен массалык маалымат каражатын уюштуруу боюнча нормаларды тактаса, эл өкүлү Чингиз Айдарбеков блогерлердин ишин жөнгө салуу маселесин көтөрдү. Депутат Кубанычбек Самаков ЖМКларды каттоодон бошотуунун шарттарына кызыкты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.