“Ата Журт” депутаттык тобу аталышын өзгөрттү
Жогорку Кеңештин 5 депутаттык тобунун бири “Ата Журт” аталышын өзгөрттү. Бул тууралуу пленардык жыйында депутат Дастанбек Жумабеков билдирди.
Айтымында, депутаттык топтун мүчөлөрү акылдашып, “Эл үмүтү – Ата Журт” деп өзгөртүүнү туура көрүшкөн.
Ошондой эле Жумабеков аталган депутаттык топтун курамына дагы бир депутат – Таалайбек Сарыбашев кошулганын белгиледи.
