Чукул билдирүү! Каракол – Эңилчек жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлөт 
3 март

Чукул билдирүү! Каракол – Эңилчек жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлөт 

Ушул жылдын 3-мартынан 5-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана катуу шамалга байланыштуу Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү жана көчкү куймалары пайда болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ эскертет.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

ӨКМ алыс жолдо жүрүүдө эрежелерди туура сактоого, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелишине жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат.