Кыргызстанда жол белгилерин жаңылоо иштери уланууда
Кыргызстандын жолдорунда эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, министрликке караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устаканадан 2025-жылдын 8 айынын ичинде 7998 жол белгиси чыгарылды.
Мындан тышкары, жолчулар тарабынан жол сызыктарын чийүү, айлананы иретке келтирүү сыңдуу жалпы жол тейлөө иштери жигердүү жүрүп жатат.
Жумуштар министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат.
