Бишек ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат
3 март

Бишек ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат

"Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасы штаттык режимде иштеп жатат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Муниципалитеттен кабарлашкандай, орточо электр кубаттуулугу – 452 МВт, отундун суткалык керектөөсү (көмүр) – 7,572 миң тонна, жылуулук энергиясын өндүрүү – 9, 725 миң Гкал. ⠀

Бүгүнкү күндө 8 отказан агрегаты, кайчылаш байланышы менен 4 турбиналык агрегат, №3 жана 4 блоктору иштеп жатат.

3-мартка карата ЖЭБдин кампасында калган отун -132,532 миң тонна көмүрдү түзөт. Бул көлөм жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жетиштүү.

Жалпысынан көмүр 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинин аягына чейин белгиленген график боюнча берилет.

Бишкек ЖЭБи - Кыргызстандын түндүгүндөгү эң ири өндүрүүчү ишкана болуп саналат жана Кыргызстандын борборунун тургундарын жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуулук менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.